Саясат

"Фабула": Аида Салянова камалабы ? image

29 Нояб, 2016 5564

Басма сөзгө баяндама

"Фабула"

Бүгүн "Фабула" “Текебаев биз үчүн абийирдүү адам катары өлдү” деген аталышта "Ата-Мекен" париясынын катарынан чыгып кеткендер тууралуу жана алардын  арасында экс-депутат Ташболот Балтабаевдин бир кездеги айткан сөздөрү менен, Бекмамат уулу Темирбек Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп турганда Самаковго карата жалган көрсөтмө берүүнү талап кылып опузалаган деп экс-министр Искендербек Айдаралиевдин айткандары менен бөлүштү. Ошондой эле алгачкы бетинде орун алган Социалдык фонддун жаңы эле төрагасы болуп дайындалган Теңизбек Абжапаров айтканын далилдегиси келсе, өзү 30-40 миң айлык эмес,4 миң сом алып бир ай жашап  көрүшү керек. Ошондо тумшугуна суу жетип, ойлонуп сүйлөгөнгө үйрөнмөк дегенди Абжапаровдун “акылы”жайындабы деген чакан макалада жазды. Алгачкы бетине кыңыр иш кырк жылда билинет деп, Аида Салянова камалабы деген теманы койду. Бул тема гезиттин 3-5 –беттеринде "Шибегени капка ката албайсың" деген аталышта сөз болот.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лизенциясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишинин козголушуна  карата үн кошкон жарандардын пикири да бар. Мисалы тарыхчы Кыяс Молдокасымов маселеге Елисеевдин бул документтери эмне болуп калыптыр, “Кумтөргө” байланыштуу миллиард сомдорду садага чалып, элдин ырыскысын жокко чыгарган бул мыкчыгер эртеби-кечпи өз жазасын алышы керек деген оюн  билдирсе, юридика илимдеринин доктору Алмаз Базарбаев: бул ачык кылмыш, ким болсо дагы жазасын алыш керек. Анык коррупция деген ушул деген баасын берсе, саясий илимдин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев: Биз көптөн бери эле баарын акчага сатса, сатып алса болот деген пикир көпчүлүктүн аң-сезимине кыттай уюган коомдо жашап жатабыз. Адилет министрлигинин ал чечими пулуң болсо кулуңмун деген принцип болуптур деген ойдо чечмелесе, журналист Аскер Сакыбаева эгер андай болсо эмне үчүн жок эле  дегенде  2011-2012-жылдары эле Саляновага каршы иш козголгон эмес?- деп буга саясий көз караштан мамиле кылып жатышат деген пикирин билдирген. 

Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз