Ден соолук

Респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандар көбөйдү image

30 Нояб, 2016 2484

Борбор калаада 14-ноябрдан тартып курч респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандардын саны кескин жогорулады. 

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун берген маалыматы боюнча, жыл башынын бери баш калаада  вирустук инфекция менен 10 миң 787 адам ооруса, алардын 70% 14 жашка чейинки балдар. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сасык тумоо оорусунун өсүшү 15, 4 % түзгөн. 

Инфекциянын өсүшү сууктун эрте түшүшүнө байланыштуу, бирок азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек, андыктан сасык тумоо боюнча карантин киргизүүнүн зарылдыгы жок экендигин медиктер белгилешүүдө. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз