ММК

Эрдоган: Сирияга кол салганга мажбурбуз image

1 Дек, 2016 2229

29-ноябрда Түркиянын  президенти Реджеп Тайип Эрдоган Стамбулда Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу парламент аралык «Иерусалим платформасы», атындагы симпозиумда Сириядагы кырдаалга кайрылды.

“Биз жакшы эле чыдадык. Мындан ары чыдоого болбойт. Ошондуктан биз “Сириянын эркин армиясы”атындагы оппозициялык кыймыл менен биргеликте Сирияга киргенге мажбур болдук. Биз Сириянын аймагын басып алабыз деген мүдөөбүз жок. 24-августтан баштап Сирияда Анкаранын жоокерлери жүргүзгөн «Евфрат калканы» операциясынын башкы максаты залим Башар Асаддын бийлигин токтотуу-деп жарыялады.  Анткени Асад мамлекеттик дээңгелдеги терроризмди ишке ашырууда.  Биз ал жерде калыстык орноп жана анык кожоюндар ээ болушу үчүн умтулабыз" деген кескин пикирин түрк лидери билдирди. Эрдогандын мындай жарыясы Москва менен Анкаранын ортосунда мамилелер  менен  Жакынкы Чыгыштагы абалга да  терс таасирин тийгизет деп россиялык “Коммерсант“ гезитинин журналисти Максим Юсин жазып чыкты. Эрдогандын Асадды бийликтен алып түшүү туралуу сөзү таң калыштуу эмес. Себеби түрк лидери залим Асад бийликтен кетиш керек –деп тынбай айтып келүүдө.  

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз