ММК

"Фабула": “Азимбек аракка азгырылдыбы” image

6 Дек, 2016 4258

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" күлкүнү куурап деп “Азимбек аракка азгырылдыбы” деген ат менен жарык көрдү. Азимбек Бекназаров алко бизнеске кеттиби деген суроо менен социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын айткандарын жазып чыкты. Андагы маалыматтарга таянсак, мында учурда “Алкопром” деген компанияны бүт мүлкү-акциялары менен 1 миллион АКШ долларына сатып алып, арак куюп сатууга катуу киришип жатышыптыр, албетте ким кандай шугулданат, канча каражат коротуп, аны актайт өз иши. Бирок “Азикенин балдарында кайдагы 1 миллион АКШ доллары”?деген суроо өтө актуалдуу болуп, жообу таңдандыраары бышык. Көрсө аталган ишкана “Той”,”Тамаша”, “Бажалар”,”Өкүл бала”,”Эски достор” деген арактарды чыгарып, Кыргызстандын кыйырына таркатып жатат деп баяндалат. Бүгүн "Фабула" Абдил Сегизбаевдин айгайы менен көйгөйү деген макалага орун берди. Ошондой эле  "Фабула" пресс 4-декабрь кыргыз элинин “Манас” үч илтик эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине катталган күн деп, буга байланыштуу уюштурулган “7 күн манас айтуу” иш чарасынын жыйынтыгына “Манас” үчилтигин чуркап жүрүп, каражатын аябай, кара башын сайып жүрүп ЮНЕСКОго каттоого алдырган Карганбек Самаковду уюштуруучулар чакырбаганын, сөз сүйлөбөсө да залда отуруп, оюн көргөнгө элдик жигит кантип келбесин, келет болчу дегенди  Карганбектин кадырын билбей деп аталган макалага батырды. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз