ММК

Өзбекстандын жаңы президентинен эмнени күтүүгө болот? image

7 Дек, 2016 2202

Германиялык Deutsche Welle телерадиокомпаниясынын журналисти Виталий Волков "Өзбекстандын жаңы президентинен эмнени күтүүгө болот"? аттуу макаласын жазып чыкты. Кесиптешибиздин айтымында 4-декабрда Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиеевдун жеңишке жетээринен эч ким шек санаган эмес. Биринчиден, Өзбекстан географиялык жактан Борбордук Азиядагы баардык өлкөлөр менен чектешет. Экинчиден Өзбекстан бул чөлкөмдө демографиялык жактан калкынын саны отуз миллионго жеткен мамлекет. Ошондуктан Өзбекстандын жаңы лидери менен дүйнөлүк жана аймактык державалар тыгыз мамиле түзгөнгө абдан кызыктар. 

Дал ушул себептен макаланын ээси Jeen атындагы эксперттердин тобунун координаторы Наталья Харитонова жана Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегельдин менен маек курган. Харитованын пикиринде, Анкара Мирзеев бийликке келгенин пайдаланып, Өзбекстанда таасирин күчөткүсү келет. Ошол эле маалда Вашингтон Ташкент менен Афганистан боюнча тыгыз кызматтушуга умтулат. Себеби эки өлкөнүн ортосунда 2005-жылы  Анжиандагы козголоңдон кийин карым-катнаштары  бузулган. 

Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Рахматула Кудайбердиев болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз