Кырсык

Быйыл өлкө аймагында 4813 унаа кырсыгы катталган image

7 Дек, 2016 3096

Быйыл жыл башынан бери өлкө аймагында 4813 жол унаа кырсыктары каталды. 

Бул былтыркы жылдагыдан 18 пайыз аз. Тилекке каршы балдар катышкан жол унаа кырсыктарындагы жагдай көңүл чөгөрөт. 

Анткени, 1381 жаш өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылып, анын айынан 112 бала каза тапкан.

“Сактансаң сактайм” деген кыргызда накыл кеп бар. Анын сыңарындай жолго чыгарда, сапарда баратканда жолдо жүрүү эрежесине айрыкча маани берүү зарыл. Ошону менен бирге жолдо жүргөн жөө жүргүнчүлөр да жолдоо жүрүу эрежесин сактоого милдеттүү. 

Айрымдар жашыл күйүп  турса да жолдон чуркап өткөн көрүнүштөр кездешкенине күбө болуп жүрөбүз. 

Айтор жолдо жүрүү маданиятын ар бирибиз өзүбүздөн баштаганыбыз оң дешет жол кыймылын  көзөмөлдөөчүлөр.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"  


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз