ММК

Орусиянын базасы кетсе, террористтер менен жалгыз күрөшөбүзбү? image

8 Дек, 2016 1149

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Политклиника" Элмира Ибраимованын “Мага “оппозиционер лицензиясын” президент өзү тапшырып койду” деп айткандарын, Атамбаев Өзбекстанга бараары кабарланууда дегенди, Эркин Мамбеталиев Турдукуловду сотко бергенин, Сузакта бир үйдөн үч кишини өлтүрүп кетишкенин, Орусиянын базасы кетсе, террористтер менен жалгыз күрөшүү керекпи? дегенди жазды. Андан ары орусиялык маалымат каражаттары  жазып чыккан Кыргыз парламентинин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы түзүлгөн газ келишимди ратификациялоодон баш тартып жатканын, парламентарийлер акциянын үлүштөрүн кайра кароо боюнча Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өкмөткө тапшырган маалыматты Кыргызстан газ транспорт системасын саткысы келбей жатабы? аттуу макалага батырды. Бүгүнкү сан референдумда эмнеге добуш беребиз дегенди эске салды. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жекшемби күнү өтөт. Баш мыйзамга  президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизилип жатканын  чечмелеп,11-декабрда кандай өзгөрүүлөргө добуш берип жатканыңызды билип алуу үчүн алардын айрымдарын бул сан талдады. Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз