ММК

Бангладешке 20 миң мусулман рохинжалар качканга мажбур болду image

8 Дек, 2016 1714

Россиялык lenta.ru интернет булагынын журналисти Алексей Куприянов "Силер үчүн бул жерде орун жок“ аттуу макаласын жазып чыкты. Акыркы күндөрү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттар Бирманын түндүгүндө жайгашкан Аракан аймагына абдан көңүл бурууда. Себеби бул чөлкөмдө мусулман –рохинжалар жашайт. Укук коргочуулар менен журналистер  мусулман-рохинжаларды дүйнөдөгү эң көп куугунтукка учураган эл –деп баса белгилейт. Эки ай мурда Араканда бирмалык армия буларга каршы атайын операциясын баштаган. Ушул иш-чаранын кесепетинен коңшу Бангладешке 20 миң мусулман рохинжалар качканга мажбур болду. Укук коргочуулар бирмалык аскерлерди геноцид саясатын жүргүүзүдө- деп айыптады. Алардын талабы Бирманын өкмөтү жогоруда сөз болгон рохиджаларга өз жеринде тынч жашаганга шарт түзүп берүү. Кесиптешибиз макаласында Бирманын бийлиги  нечен жылдан бери кайсыл себептердин айынан  мусулман-рохинджа деп аталган этникалык азчылыкты түзгөн  жарандары менен чыр-чатакташып жатканын  талдаганга аракет кылган. Автор  ушул көйгөй туралуу Бирманын борбор калаасында көп жылдан бери жашаган россиялык  илимпоз Петр Козьма  менен маек курган. 

Анын айтымында Бирманын Аракан аймагына 1,5 кылым мурда англиялык баскынчылар бүгүнкү күндөгү Индия менен Бангладештин тургундарын жумушчу күч катары көчүрүп алып келген. Анткени 18-кылымдын аягынан баштап 1940-жылдардын ортосуна чейин Бирма, Индия, Пакистан жана Бангладеш Улуу Британиянын колониясы эле. Анын үстүнө 1971-жылы Пакистан менен Бангладештин ортосундагы согуштун айынан ,көпчүлүк бангладештик качкындар Бирмадан баш паанек тапкан.Себеби Пакистандын армиясы Бангладеште жергиликтүү калкка зордук-зомбулук көрсөткөн. Дал ушул себептен азыркы күндө Бирмада 800 миңден ашык  мусулман –рохинджа жашайт. Уландысын аудио аркылуу укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз