ММК

Трамп: террордук уюмду жок кылабыз image

12 Дек, 2016 1187

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Огайо аймагынын Цинциннати  шаарында  жактоочуларына кайрылып: биз  ДАИШ менен  радикалдуу ислам терроризмине каршы күрөшүү операциясына кошула турган кайсы мамлекет болбосун кызматташканга даярбыз. Биз “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмду талкалап, жок кылабыз. 

Ошол эле маалда биз жаңы тышкы саясатты жүргүзүп жана мурдагы кетирген каталарыбыздан сабак алабыз. Достор бизге  жакпай калган өкмөттөр менен режимдерди кулатпайбыз. Эсиңиздерге сала кетейин, биз ушул максатка Жакынкы Чыгышта  6 триллион доллар  сарптаганбыз. Ошол эле убакта өлкөбүздө  эч нерсе салынбай жана өнүкпөй турган учуру. Биз –стабилдүүлүктү орнотконго умтулабыз .Бизге жаңжалдардын кереги жок. Анткени биздин мүдөөбүз өлкөбүздү кайра калыбына келтирүү. Бул иш-чаралар үчүн убакыт келди-деп жарыялады.

Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Рахматула Кудайбердиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз