ММК

"Фабула": Текебаевдин айласы неге кетти? image

20 Дек, 2016 1345

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Фабула" “Айыл Банк" акционердик коомунун директорлор кеңеши Жээнбаеваны кызматтан алып, анын үстүнөн болгон айыптоолорду экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына берүүнү туура деп чечишкен дегенди, Баштан бак тайып, бут алдынан жер көчүүдө... Текебаевдин айласы неге кетти деген темаларда жазды. Гезит бетине кулкуну жаман деп Кожошев казино ачып элди кууратабы деген атты койду. Бул аталыш Арзыбек казинолорду кайрадан ачам дейт деген аталышта орун алып анда улам-улам казинолорду ачуу зарылдыгын, миңдеген жарандар жумушсуз калганын, мамлекетке миллиондоп каражат түшпөй жатканын байма-бай кулакдар кылып коомчулуктун кулагын бышыруу аракетин  көрүп жатканы, мурда казинолорду кайрадан ачууну экс-депутат Замир Бекбоев көтөрүп, тилеги орундалбай калса, эми бул вазийпаны экономика минситри Арзыбек Кожошев колго алганын, эми бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алса эле казинолор иштеп баштарын, муну менен Жогорку Кеңеш өзүнүн аброюн кетирип алаары жазылат.

Кененирээк аудиодон укса болот. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз