ММК

Борбор Азия: Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору турат image

20 Дек, 2016 1358

Борбор Азия мамлекеттерине  салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги алда канча жогору турат. Өлкөнүн медиа айдыңында маалыматтардын ар тараптуулугу, кызыктуулугу жана  актуалдуулугу жыл өткөн сайын артып барат. 

Сан жагынан да акыркы кездерде көбөйүп бараткан маалымат каражаттары атаандаштыкта өнүгүп жатышканы менен   арасында фактыга жооп бербеген маалыматтары аркылуу агрессивдүү маалымат каражаттары катары бааланган прессалар  жок эмес. Алар, фактылар көрүнөө буйдаланып, атайын караланган материалдарга дуушар болгон  экинчи тараптын  өкүлдөрүнүн  доо арызы менен  теске алынып турат. 

Мындай маалыматтар  жакында, “Борбордук  Азиядагы дебатчылардын билим берүү  эл аралык  ассоциациясы”   жана  улуттук  демократия  фонду  өткөргөн  аңгеме  талкууда айтылды.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз