ММК

"Фабула": “Жыргалаң” шахтасын Жапаров менчиктештирип алган image

23 Дек, 2016 4413

Басма сөзгө баяндама

Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун деп "Фабула" бүгүнкү санын тартуулады жана жаңы жылдык алгачкы саны эми 10- январда жарык көрөөрүн эскертти. Бул сандан сиздер билим берүү министри Гүлмира Кудайбергенова өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун жаш мугалимдерге депозиттик каражат төлөөнү ишке киргизүү жакшы натыйжа берет деп айткандарын жокко чыгарып калпычы кылдыбы деп жазганын,  Турсунбек Акун 2017-жылы өтө турган шайлоодо Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коет дегенди, ЖогоркуКеңеште 21-декабрда “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жөнгө салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралып анда талаш тартыш талкуу учурунда эл өкүлү Дастан Бекешовдун “Айрымдар монополияны сактасак, продукциянын сапаты жакшы болот дешүүдө, алардын логикасы туура эмес. Мага кайсы бир товар өндүрүү тармагында монополист болууга укук бергиле, анда мен сүйүнүп гана мандатымды тапшырам. Анын арты менен мага милиарддаган акча түшөт. Сапаты монополия эмес, атаандаштык жакшыртат деп күйүп бышканын жазган Дастан Бекешов мандатын тапшырабы деген макаланы, ошондой эле кезинде “Жыргалаң” шахтасы менчикке мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр жарытылуу иштебей же электр энергиясынын акысы төлөнбөй анын айынан айыл тургундары жабыр тартып жатканын, “Чыгышэлектр” компаниясы учурда жарыкты өчүрөбүз деп коркутуп жатканын парламентте билдирген депутат Узарбек Жылкыбаевдин сөзүн мисал кылып,  “Жыргалаң” шахтасын чет өлкөдө жатып алып бийликти сындап, “Мен президент болсом,  гүлдөтмөкмүн деген Садыр Жапаровдор менчиктештирип алганын эске салган “Бир айыл элди сыздаткан Жапаров” деген макаланы да окуй аласыздар. 

Уландысын аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз