ММК

Sputnik Кыргызстан Тарых жана маданият жылын чагылдырууда мыкты ЖМК аталды image

23 Дек, 2016 2714

Sputnik Кыргызстан маалыматагенттиги жана радиосу Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнчамамлекеттик дирекциянын тандоосу менен Тарых жана маданият жылын чагылдыруудамыкты интернет-каражат аталды.
"Мыкты материал" номинациясында Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүнархитектуралык эстеликтери, музыкалык аспаптары, ажайып кооз жерлери тууралуу алты мультимедиалык долбоор сунуштаган.
Сынакка КТРК, "Пирамида" каналы, "5-канал","АКИпресс", "24.kg", "Кабар" маалыматагенттиктери, "Санжыра" "Марал FM" радиолору да ат салышкан. Жобого ылайык, сынга коюлган материалдар объективдүүлүгү, маанилүүлүгү, тактыгы, өзгөчөлүгү жана берүү ыкмасы боюнча бааланды. Агенттиктин жетекчиси Елена Череменина Sputnik Кыргызстан маалымат берүү менен гана чектелбестен, кыргыз элинин баалуулуктарына басым жасап, өлкөнүн имиджин эл аралык аренада колдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.



Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орустилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.
Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жанасоциалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктаранглис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз