Коргонуу жана коопсуздук

Стамбулдагы терактыга ким күнөөлүү? image

5 Янв, 2017 3701

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине Стамбулдагы теракты кыргызстандык  жасады деген  бир дагы Түркиянын  тиешелүү кызматтары тарабынан  расмий билдирүү  келген жок. Түрк тарап учурда  жаңы жыл түнү Стамбул шаарындагы Рейна түнкү клубундагы террористтик актыны тыкыр териштирүүгө алып, эгерде террористтин кыргызстандык экендиги белгилүү болсо элчилик биринчи кезекте кабардар болорун  айтып жатышкандыгын Кыргызстандын Түркиядагы  толук жана ыйгарым  укуктуу элчиси Ибрагим  Жунусов, кабарчыбыз Гүлжан Каражанова менен болгон маегинде билдирди. 

Элчи мындан сырткары, Туркиянын  премьер-министри  Биналы Йылдырым түрк массалык маалымат каражаттарына такталбаган маалыматтарды коомчулукка жар салуудан алыс болууга чакырып, жалган маалыматтар өлкөлөр  ортосуна  ажырым салышы мүмкүндүгүн эскерткендигин кошумчалады. Каргашалуу окуяга тиешеси барлар кармалып, абал турукташкандан кийин  Кыргызстандын  элчилиги  буга чейин  террористтин  кыргызстандык  экендигин  жарыялаган  маалыматтарды тараткандар боюнча  кайрылуу  жасала тургандыгы  элчи Ибрагим  Жунусовдун  маегинде  белгилүү болду.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз