ММК

Эми казак полициясы жол эрежесин жөнгө салчу таякты колдонушпайт image

5 Янв, 2017 1457

Жаңы жылдан баштап Казакстанда жол полициясынын кызматкерлери жол эрежесин жөнгө салчу таяктарды колдонушпайт. Негизги себеп – жол эрежесин унаа патрулдары жана фото, видео аркылуу көзөмөлдөөгө өткөндүктөн. Учурда фото жана видео аркылуу Казакстанда эреже бузуулардын 30 пайызы аныкталат экен. Унааны кызматкерлер атайын үн жана жарык сигналдары, катуу сүйлөгүч  менен токтотушат. Авария, же тыгын сыяктуу өзгөчө учурларда унаалар ышкырык менен чоогу кол жаңсоо аркылуу жөнгө салынат.  Жол эрежесин жөнгө салчу таяктар АКШда, Израилде жана Францияда колдонулбаары белгилүү.

Мындай таяк Борбордук Азияга Россиядан келген. Биринчи жолу таяк светофор жок, эл ат-араба менен жүргөн кезде, 1907-жылдары Санкт-Петербургда киргизилиптир. Анын өңу толугу менен ак, узундугу 90 см болгон. Совет доору орногондон кийин таяктын өңү толугу менен кызыл болуп, узундугу 49 см болгон. Ал эми көзүбүзгө көнүмүш болуп калган ак-карага боелгон таяк 1939–жылы киргизилген. Совет доорунда жол эрежесин жөнгө салчу таяк эки жолу алынып салынып кайра киргизилген. Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Уктурууну даярдаган Кайрат Жаманкулов, алып барган Рахматулла Кудайбердиев болду, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз