КТРКнын эки каналы YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду   25 Июнь, 2019 423

Биз сиздер менен жакшы жаңылыгыбызды бөлүшөбүз, КТРКнын эки каналы YouTube каналынын күмүш баскычына ээ болду. Музыка жаңырган, эң популярдуу КТРК Музыка жана Коомдук биринчи канал! Урматтуу биздин каналдардын катталуучулары жана көрүүчүлөр, ар дайым биз менен бирге болуп, бизди көргөнүңүздөргө рахмат айтабыз! Биз өнүгүү жана өсүү жолунда сиздер үчүн иштеп, дайыма кызыктуу маалымат жана жакшы маанай тартуулайбыз!

Белгилей кетсек, КТРК курамындагы бардык каналдар YouTube каналында бар. Кызыктуу жаңылыктар, спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар, бардык көрсөтүүлөр жана көптөгөн жагымдуу музыка! Каналга кирип катталыңыз! Кубануу менен айта кетсек, биздин көрүүчүлөрдүн саны чет өлкөлөрдө да өсүп, журналисттер бардык аймактардан, өлкөдөн тышкары Москвадан да материалдарды даярдоодо. Каналдарыбызга катталып, биз менен бирге болунуздар!