Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кыргызстан ЕАЭБдин жаңы талаптарына туруштук бере алабы? 24.01.2017 image

24 Янв, 2017 1509

Кыргызстандын Евразиялыкэкономикалык биримдикке киргендеги биринчи жыйынтыктары кандай болду? ЕАЭБдин  өткөөл мезгили Кыргызстанга эмне берди? 

Кыргызстан  2015-жылдын 12-августунда Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу расмий мүчөсү макамын алган. Албетте бул аралыкта өлкө азыктарды, товарларды экспорттоодо, сатууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду.  Ал тургай бул уюмдун аймагында артка кайтарылган, чек арадан өтпөй туруп калган көрүнүштөр да орун алган. 

Өткөөл мезгил мына ушундай учурларга күбө болду, эми  кандай милдеттерди койду?  Ата Мекендик бизнестин жаңы эрежелерге даярдыгы канчалык? 2017-жылга берилген жаңы  талаптарга туруштук бере алабы? Ушул суроолор уктуруубуздун өзөгүн түзөт.   Ал арада сиздер уккандай  Тажикстан интеграцияга кирүүдөгү Жол картасын кабыл алды. Демек интеграциянын кеңейиши, атаандаштыкка дагы жол ачылып жатабы?  



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз