Күндүн темасы

КР-Түштүк Корея ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын өнүгүшү image

3 Фев, 2017 2640

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл толду. 

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жана Түштүк Корея өлкөсүнүн президентинин милдетин аткаруучу Хван Гё Ан, дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөткөн. 

Кыргыз президенти тарыхый өткөн кыска мезгил аралыгында эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жолго коюга жетишкенин, ошондой эл жыл өткөн сайын Борбор Азия+Корея диалогу чыңдалып жатканын белгилеген. 

Бүгүнкү "Күндүн темасы" уктуруусунда, даталуу 25 жыл аралыгында тарыхый дипломатиялык миссия туурасында сөз болуп, уктурууга Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Джонг Бёнг Ху катышты. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз