Күндүн темасы

Күндүн темасы: "Мамлекеттик менчикти башкаруу" image

15 Март, 2017 911

"Күндүн темасы" уктуруусунда "Мамлекеттик менчикти башкаруу" темасы талкууланды. Стратегиялык мааниси бар мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик компаниялар зарыл деп келебиз. Ошол эле учурда   айрым компаниялардын өнүгүүсүн мамлекет камсыз кыла албай калган чакта рынокто өз ордун жоготуп албасын деген таризде инвесторго өткөрүү маселеси да жаралат. Мунун бир мисалы, Мегаком деп таанылган Альфа- Телеком жабык акционердик коомунун 100% акциясы сатыкка коюлушу туурасындагы маселеге да токтолобуз. Мамлекеттик башкаруунун азыркы системасы натыйжалуубу же жокпу? Мегакомду сатуу боюнча өкмөттүн чечими канчалык негиздүү? Мамлекеттик мүлк улуттук жаңы долбоорлорду, мамлекеттик корпорацияларды кантип өнүктүрүп жатат, инвестициялык ишмердикти кантип активдүү жүргүзүп жатат? Ушул жана башка суроолор программанын өзөгүн түздү. Уктуруунун коноктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев болду.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз