Күндүн темасы

Күндүн темасы: "КР - Германия ортосундагы кызматташууда бекем пайдубал түзүлдү" image Фото: ktrk.kg

28 Март, 2017 1337

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда үзүрлүү кызматташуу жолго коюлган. Мунун өзү  тыгыз жана жана достук байланышынын бекем пайдубалы болуп кала бермекчи. Кыргыз-герман эки тараптуу мамиле саясий диологдун ачык жана өз ара өнөктөштүктүн динамикасын жогорку деңгээлге чыгара алды. Эксперттер дал ушундай сыпаттамасын берүүдө.  

Эки тараптуу кызматташуунун бирден- бир негизги этабы болуп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 3 расмий визити эсептелет. 

Алардын алкагында өлкө башчысынын Федералдык президент Гаук жана Федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолугушуусу өткөнүн эсибизге сала кетели.

"Күндүн темасынын" бул жолку коногу Кыргызстандагы Германиянын элчиси    доктор Петер Шольц   катышып, кыргыз-герман кызматташуусунун алкагында жүргузүлгөн иш-чаралар тууралуу маек курду.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз