Күндүн темасы

Курулуп жаткан жолдор сапатсызбы? image Фото: www

12 Апр, 2017 919

Жол тармагындагы кетирилген одоно кемчиликтерди тактап айтканда социалдык тармактарда маалымат сайттарында жолчулардын жолдогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу видеонун коомчулукка жарыяланышы  “жол курабыз деп, сапатсыз жол курат экен” деген ойго жем таштады.  Колдонуп колдоно электе эле бузула баштаган башка жолдор боюнча күмөндү күчөтүп жарандардын сынын курчутту. Көпчүлүк талдоочулар аймактардагы абал же болбосо курулуп жаткан жолдор андан да сапатсыз деген бир пикирди  карманууда. 

Эмне үчүн?Мындай ойлорго негиз барбы? Шалаакылыкка жол берген транспорт жана жолдор министрлигининин 5 кызматкеринин иштен кетиши, админстративдик жоопкерчиликке тартылышы кийинкиге сабак боло алабы? Жолдордун сапатсыздыгы маселесин чече алабы? "Күндүн темасы" ушул багытта сөз кылды. Уктурууга Транспорт жана жолдор министринин Жол чарбачылыгы департаментинин директору Арстанбек Ибраев, Кыргыз жол трас долбоорлоо институтунун директорунун орун басары Талант Солтобаев ошондой элеТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Талант Садакбаев болду.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз