Күндүн темасы

Турак жайларды камсыздандыруу учурдун зарылдыгыбы? image Фото: www

3 Май, 2017 1647

Өзгөчө кырдаалды түзгөн аймактардын абалы менен ушул күндөрү өкмөт башчы жеринен таанышып мамлекеттик мекемелер тарабынан жергиликтүү жашоочуларга колдоо көрсөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар кабыл алынаарын билдирди.

Көптөгөн жарандардын турак-жайы жаратылыш кырсыктары күтүлүүчү аймакта жайгашкан шартта өздөрүнүн мүлктөрүн камсыздандыруусу зарыл экендиги да белгиленди.  Бул турмуштук зарылдыкпы? Ушундай шартта мамлекеттик камсыздандыруу уюму кандай иш алып барууда? "Күндүн темасы" уктуруусу дал ушул суроонун тегерегинде түз эфирде маек жүргүзүп, угармандардын суроолорун да кабыл алды.

Программага Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова катышты. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова телефон аркылуу байланышта болуп, пикирлерин билдиришти.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз