Күндүн темасы

Күндүн темасы: Коомдук транспортту толугу менен газга өткөрүү керекпи? image Фото: ktrk.kg

12 Янв, 2018 2124

Абанын булганышы жеке эле Бишкек шаарына гана эмес бүткүл дүйнөгө тишелүү көйгөй. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эрте каза болуу, акылы кем төрөлүү фактыларынын көбөйүп баратышынын бирден-бир себеби абанын булганышы экенин айтып коңгуроо кагышууда. 

Парламентте бул маселе каралып, эл өкүлдөрү өкмөттү экологияга көңүл бурууга чакырды. Негизинен автомашиналардын көптүгү, андан чыккан түтүн болуп калууда. ЖКтин депутаттары мөөнөтү 10 жылдан ашып кеткен машиналардын жүрүшүнө, дизель майы менен жүргөн коомдук транспортко тыюу салууну жана машиналарды техникалык кароодон өткөрүүнү сунуштаган эле. Мындан улам биз "Күндүн темасында" автомашиналардан чыккан зыяндуу заттарды кантип азайтабыз? Коомдук транспортту толугу менен газга өткөрүү керекпи? Ушул багытта түз эфирде талкуу жүрдү. 

Уктурууга ЖКтин КСДП фракциясынын депутаты Карашев Аалы Азимович, Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгынын начальниги Абдрасилов Абдрахим Акчалович, Кыргыз техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы, техника илимдеринин доктору, профессор Маткеримов Таалайбек Ысманалиевичтер катышышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз