Күндүн темасы

Күндүн темасы: Аба-ырайына байланыштуу жолдордогу абал image Фото: ktrk.kg

17 Янв, 2018 1204

 

Учурда Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө. Унаа жолдо ӨКМнин жана жол министрлигинин, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү иш чараларын жүргүзүүдө. Аталган унаа жолдун ашууларында тыгылып калган оор жүк ташуучу унааларды тартып чыгаруу максатында, 2 даана аскер чиркегич унаасы Төө-Ашуу ашуусунда нөөмөттө турат. Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ Төө-Ашууга, Ала-Бел ашуусуна жана Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Мындан тышкары, кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөк жана аптечка ар бир унаада болушу керектигин эскертет.

Уктурууга КРнын транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Узакбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам чара көрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Руслан Рашидинов, жол коопсуздугу боюнча бирикмесинин адиси Агзам Дүйшөналиевдер катышышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз