Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кесиптик техникалык окуу жайлардын абалы image Фото: www.ktrk.kg

8 Фев, 2018 1653

Аймактарды өнүктүрүү жылынын жарлыгында: Билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык мекемелерди куруу жана реконструкциялоо каралган. Кезинде кесиптик-техникалык окуу жайларга суроо-талап көп болуп турган. Ар бир тайпа студенттерге толуп, тиешелүү кесиптерге кыска мөөнөттө ээ болушчу. Азыр бул окуу жайларда суроо-талаптын жоктугунан ишмердүүлүгү солгундап турат.

Уктурууга Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Абдрахим Мамадалиев, №4 кесиптик окуу жайынын директорунун орун басары Индира Куралбекова, социолог Сайкал Жунушева. Түз байланышта - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Айтмамат Назаров катышты.Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. Түз эфирдин номери 0312 39 21 90, 0312 65 66 04.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз