Күндүн темасы

Милициянын катары “погончон кубулмалардан” тазаланат image

21 Фев, 2018 606

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, а түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды.

Ал Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн акыркы социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактары боюнча коррупция жана жумушсуздук коомду өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөргө айланганын, бул сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин эскертти. Бул багытта "Күндүн темасы" уктуруусунда ИИМ кызматкерлеринин катышуусунда түз эфирде талкуу жүрдү.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио" 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз