Күндүн темасы

Күндүн темасы: Аз камсыз болгон жарандардын кирешесине КИРСЕЕФ программасы жардамга келе алабы? image Фото: www

29 Март, 2018 1079

Аймактарды өнүктүрүүдө өтө маанилүү, тактап айтканда  аз камсыз болгон жарандардын киреше булагы аздарга колдоо боло турган темада “Күндүн темасы” программасы сөз кылат. Өлкөдө иштеп жаткан социалдык долбоор КИРСЕЕФ  программасынан  маалымат алсак. Рыноктун талабы менен жарандардын жашоо шарттарында бир топ ыңгайсыздыктарды жаралып жатканы жашыруун эмес. Мисалы отун-көмүр кымбат. Электр энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөш керек.  

Ошол эле учурда биз жагып жаткан отун, көмүр жана жаратылыш газын же электр энергиясын туура эмес пайдаланып,коромжуга учуратып жаткан жокпузбу? Эл арасында майда деп маани берилбеген бул көйгөйлүү маселе биз сыяктуу башка өлкөлөрдө деле актуалдуу. Аны чечүүнүн жолдору кандай? Бул багытта кенен маалыматты берүү үчүн студиябызда КИРСЕЕФ  программасынын консультанты каржылык жактан эксперт Бакыт Аскарбеков  жана ишкер Улан Анарбек уулу катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз