Күндүн темасы

Күндүн темасы: "Ала-Тоодо" уулангандардын саны 200дөн ашты image Фото: www.ktrk.kg

4 Апр, 2018 1153

Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта болгон тойдон кийин ууланып, оорканага кайрылгандардын саны 230га жетти.  Мындай масштабдуу  уулануу буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Андыктан бул маселе азыр коомчулуктун назарында турат. Кайталанып жаткан мындай терс көрүнүштөрдүн негизги себеби эмнеде? Бул санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн жоктугубу, эгерде бул жолу тоок менен балыктын этинен болгон болсо бул азык базарларга соода түйүндөргө кандай жол жана кандай көзөмөлдө алынат?   

Студиянын меймандары: Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Исаков Төлө Байдалиевич, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын ветеринардык санитардык чек ара көзөмөл башкармалыгынын башчысы Ырсалиев Толон Кошоевич катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз