Күндүн темасы

Күндүн темасы: Жаңы салынган жолдун бир жыл өтпөй бузулушунун себеби эмнеде? image Фото: www.ktrk.kg

5 Апр, 2018 1275

Кыргызстандагы миллиарддаган сомдор жумшалып курулган жолдордун сапаты боюнча маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Өткөн жылы курулган жолдор жазында кайра бузулуп жатат. Мындай абал Бишкек шаарында эле эмес, өлкө көпчүлүк аймагында кездешет. Жаңы салынган жолдун бир жыл өтпөй бузулушунун себеби эмнеде? Дегеле жолдордун сапаты үчүн жоопкерчилик кимдин мойнунда? Жолго кеткен каражаттар максаттуу пайдаланылып жатабы? 

Уктурууга КР транспорт жана жол  министрлигинин Коомдук кенешинин төрагасы Талант Садакбаев, “Кыргызжолтранспорт” долборлоо институтунун башкы инженери Талант Солтобаев жана Транспорт жана жол министрлигинин Жол чарба департаментинин  өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Акыл Мусабаев  катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз