Күндүн темасы

Күндүн темасы: Бишкекте эки күндүк VI билим берүү фестивалы өтөт image Фото: www.ktrk.kg

20 Апр, 2018 995

Бишкекте VI билим берүү фестивалы өтөт. Фестивалга окуучулар, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль жаштарды Кыргызстанда жашаган түрдүү этникалык топтун өкүлдөрү менен тааныштыруу жана аларга болгон урмат-сыйды калыптандырууну максааттайт. Иш-чаранын биринчи күнү коноктор Бишкек гуманитардык университети жана окутуучулар, профессорлор менен таанышат. Фестивалдын экинчи күнү бир айдан кийин 19-майда Улуттук филармонияда өтөт. 

Маданий иш-чара Бишкек мэриясы, "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондусу, КРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан уюштурулууда. Билим берүү фестивалы Бишкекте 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Уктурууга: Роза Отунбаеванын Демилгеси эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору жана Билим фестивалынын уюштуручусу Догдургул Кендирбаева, Техникалык – профессионалдык коледжинин башкы адиси Бегайым Орозакунова. Билим фестивалынын пиар-менеджери Мария Колесникова катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз