Күндүн темасы

Күндүн темасы: Мектептерде окуучуларга уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салуу керекпи? image Фото: www.ktrk.kg

26 Апр, 2018 1223

Мектепте колдонулуучу уюлдук телефондор байланышуу максатында гана колдонууга ылайыктуу болуп, интернети бар смартфондорду пайдаланууга болбой тургандыгын мунун өзү балдар арасындагы жик – жикке бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – ылдый абалдын түзүлүшүнө түртөт деген жүйөөлөр 23-апрелде Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Буга коомчулуктун пикири кандай?  Бул демилгени колдоого алса болобу? Дүйнөлүк инновациялык жаңылыктардан алыс калууга шарт түзүп койбойбу?  Эл аралык жана башка жагдайларда бул проблема кандай коюлган? 

Уктурууга ЖКтин депутаты Мавлянова Махабат Эргешевна, билим берүү жана илим министринин орун басары Жусупбекова Надира Сынташовна жана бүгүнкү программанын билим берүү жаатында эксперти Канат Кубатбеков катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз