Күндүн темасы

Күндүн темасы: Той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө сынак жарыяланды image Фото: www.ktrk.kg

4 Май, 2018 1279

Маданият министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнө конкурс жарыялады. Байге фонду 200 миң сомду түзгөн сынак 1-майдан 15-сентябрга чейин уланат. Коомчулукта бул демилгени колдогондор да, четке каккандар да бар. Бир тарабы мындай демилге ишке ашпай турганын айтса, экинчи тарабы жаңы сценарий ашыкча ысырапкорчулукту азайтат деп үмүттөнөт. Министрлик сынактын негизинде тандалган үлгүлүү тойлор коомчулукка милдеттендирилбестен, тек гана сунуш кылынарын билдирди.

Уктурууга Академик Бектемир Мурзуибраимов, Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова. Түз байланышта алып баруучу, тамада Эркин Рыскулбеков катышты.

Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз