Күндүн темасы

Күндүн темасы: Жол тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги image Фото: Элнура Нурдин кызы

17 Май, 2018 1070

Өлкөдөгү жолдордун 20-40 пайызы начар абалда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимжан Жусубалиев билдирди жол тармагын өнүктүрүүнүн: көйгөйлөрү жана келечеги аттуу семинарда билдирди.

Анын айтымында, инвестициялардын эсебинен эл аралык деңгээлдеги жолдор оңдолду. Бирок жол тармагын реформалоого аракеттер жетишсиз болууда. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык программанын негизинде жол тармагына көңүл бурса болот. 2025-жылга чейин этаптуу түрдө бул тармакты башкарууну, транспорт коридорун түзүүнү, мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасын өнүктүрүү, акы төлөнүүчү жолдорду өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар болуп эсептелет.

Уктурууга КРнын транспорт жана жолдор министрлигинин байкоочу кенешинин төрагасы Талант Садакбаев, жол чарба департаментинин башкы инженери Жумаш Сааданбаев, долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адиси Замир Искаков катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз