Күндүн темасы

Күндүн темасы: Балдардын ишеним телефонуна эки жарым миң жаран чалды image Фото: Элнура Нурдин кызы

23 Май, 2018 6039

Балдардын ишеним телефонуна акыркы 2 жарым жылда эки жарым миңге жакын чалуулар болгон. «111» кыска номурлуу кызмат Бишкекте түзүлүп, штат боюнча 10 адам иш алып барат. Ишеним телефонунун негизги максаты оор жагдайга кабылган балдарга да, алардын ата-энелерине да ыкчам түрдө психологиялык, маалыматтык, педагогикалык жана социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү болуп саналат.

 Телефонго түшкөн коңгуроолор купуя сакталып, жардам акысыз көрсөтүлөт. Ишеним телефонунун артыкчылыгы балдардын укугун коргоо жана коопсуздугун камсыздоо болот.



Уктурууга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова жана борбордун психологу Алтынай Ибраимова катышты.


Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз