Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кесип тандоо эмнеге көз каранды? image Фото: Элнура Нурдин кызы

23 Май, 2018 6211

Майдын аягы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу түйшүктөрдү алып келет. Эртең акыркы коңгуроо жер жерлердеги мектептерде кагылса, анан кийин кайда барып окуйбуз, кантип тандайбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүүбү деген суроо- аркасынан суроолор жаралат. Миңдеген мектеп окуучуларынын алдында азыркы мезгилде кесип тандоо маселеси турат.

 

“Күндүн темасыда” Кесип тандоо саясаты Кыргызстанда кандай? Бул эмнеге көз каранды? Билимденби же мүмкүнчүлүктөнбү? Кыргызстанда мамлекет тарабынан билим алууга кандай шарттар түзүлүшү зарыл? деген суроолорго жооп алдык.

 

Уктурууга ЖКтин КСДП фракциясынын депутаты Карашев Аалы Азимович, Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абылкасымова Гүлмира Мамытовна, баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин адиси Сагынбаева Диляра Акимжановна катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз