Күндүн темасы

Күндүн темасы: Окутуунун сааты кыскарган жокпу? image Фото: Элнура Нурдин кызы

30 Май, 2018 5895

Мектептерде кыргыз тилин жана адабияты сабактарын эки саатка кыскартуу туурасында маалымат массалык маалымат булактарында орун алып, нааразы пикирлерди жаратты.


Мындай маалыматтын чыгышына кандай негиздер бар? Билим берүү жана илим министрлигине айтылган бул багыттагы дооматтар канчалык жүйөлүү? Окутуунун сааты кыскарган жокпу? "Күндүн темасында" ушул багытта талкуу жүрдү.



Уктурууга Билим берүү жана илим министринини орун басары Жусупбекова Надира Сынташевна, аталган министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна ошондой эле уктуруунун эксперти, филология илимдеринин доктору, профессор Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз