Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кыргызстанда 82% жолдо жүрүү маданияты калыптанган эмес image Фото: Элнура Нурдин кызы

20 Июнь, 2018 1180

Жарандардын 82 пайызы Кыргызстанда жолдо жүрүү маданияты калыптанган эмес деп эсептешет. Бул тууралуу жол коопсуздугу коомдук бирикмеси уюштурган тегерек столдо айтылды.


Анда аталган бирикменин өкүлдөрү жол кырсыктарын азайтуу жана ага себеп болгон жагдайларды аныктоо боюнча эки ай иликтөө жүргүзүшкөн. Ага айдоочулар, мугалимдер, окуучулар жана жалпы эле тургундар катышкан. 


Сурамжылоого катышкандардын 35 пайызы Кыргызстанда жол коопсуздугу камсыздалган десе, калган 65 пайызы терс пикирлерин билдиришкен.


Тегерек столдун жүрүшүндө жол кырсыктарын азайтуу боюнча бир катар маселелер талкууланып, жыйынтыгында инфраструктураны жакшыртуу, жазаларды күчөтүү,  өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунуштар айтылды.

Уктурууга Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо батальонунун командиринин орун басары Жээнбек Большевиков, жол коопсуздугу бирикмесинин координатору Кымбат Исамедин кызы, жарандык союздун өкүлү  Галина Давлетбаева.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз