Күндүн темасы

Күндүн темасы: Автотранспортту каттоо уланууда image Фото: www.ktrk.kg

28 Июнь, 2018 1406

Транспорт каражаттарын жеңилдетилген баа менен кайра каттоо жөнүндө өкмөттүн токтомуна ылайык 2-июлга чейин жүрөт. Бул мезгилде автомашина сатып алып, бирок ишеним кат менен жүргөндөр 200 сом төлөп, транспорт каражатын өзүнө каттап алуу мүмкүнчүлүгү берилген. 



Алдыга коюлган максат үч ай ичинде аткарылдыбы? Бул мезгил ичинде  автотранспорт ээлери аныкталып, тармактагы баш-аламандык жоюулдубу? Деги эле Кыргызстанда транспортту каттоо эреже-талаптары кандай, атайын ээсине каттабай, ишеним кат менен автомашина башкаруунун көнүмүшкө айланып кеткенинин себеби эмнеде? Мына ушул суроолорго жоопту  “Күндүн темасы” программасынан ала аласыздар.  

 

Уктурууга  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Усейин Касымалиев КР ИИМнин ЖККББнын кызматкери, милициянын подполковниги Тилек Оторов катышты.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз