Күндүн темасы

Күндүн темасы: “Жалал-Абадда китепканалардын республикалык Х форуму өттү” image Фото: Элнура Нурдин кызы

28 Июнь, 2018 884

26-июнда Жалал-Абад облусунда китепканалардын республикалык Х форуму өттү. “Региондорду өнүктүрүү жылында коомдук китепканалардын ролу” деп аталган иш-чарага бардык аймактардагы китепкана өкүлдөрү катышты. 



Мындан сырткары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүдө китепканалардын ролу талкууга алынды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, китепкана иштерин өркүндөтүүгө салым кошкон республиканын китепкана кызматкерлери сыйланды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы фонду 19 миллион китепке жеткен 3 миңге жакын китепкана иштеп жатат.


Уктурууга Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын башкы директору, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Бакашова катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз