Күндүн темасы

Күндүн темасы: Альтернативалык чоң жол өз мөөнөтүндө бүтөбү? image Фото: Элнура Нурдин кызы www.ktrk.kg

2 Июль, 2018 962

Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун курулушу уланууда. Өнүгүүгө негиз болчу бул улуттук ири долбоорду ишке ашырууга жоопкер болгон Транспорт жана жолдор министрлиги белгиленген мөөнөтүндө бүтүрүүгө жетишеби?



Депутаттык комиссиянын көңүлүн бурган “Түндүк –Түштүк” альтернативалык жолунда кандай калпыстыктар болушу мүмкүн? Сарпталып жаткан каражаттар боюнча ар кандай пикирлердин чыгышына эмне түрткү берүүдө?

 


Ушул жана башка суроолордун айланасында  транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун катышуусундагы Биринчи Радионун “Күндүн темасы” программасында маек жүрдү.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз