Күндүн темасы

Күндүн темасы: Мектепке чейинки балдардын өнүгүү борборлору түзүлөт image Фото: Элнура Нурдин кызы

12 Июль, 2018 1065

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 10-июлда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук китепканаларына барган. 


Китепканалардын базасында балдар үчүн, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге арналган акысыз секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштейт. 



Жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн боз үйлөрдө жайгаштырылган өнүгүү борборлору иштеп баштады. Вице-премьер-министр мындай долбоорлордун туруктуу болуу жана  ишине тиешелүү каржылоону алуу мүмкүндүгү изилденип жатканына өзгөчө көңүл бурду.


Уктурууга КРнын билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Нурзида Касымова, Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева, Аламүдүн райондук маданият бөлүмүн башчысы Дамира Кубатова катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз