Күндүн темасы

Күндүн темасы: Мигранттар өлкө экономикасын көтөрөт image Фото: Элнура Нурдин кызы

18 Июль, 2018 1404

Мамлекеттик миграция кызматынын билдирүүсү боюнча, башка мамлекеттерде кызмат кылган жарандарыбыздын саны 800 миңди түзсө, бейрасмий маалыматтар боюнча миллиондон ашкан. 


Алар өз жакындарынын гана финансылык муктаждыктарын чечпестен, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Алар реалдуу инвестор болуп, мамлекетте ишкерликти өнүктүрүүгө аракет көрүп жаткандыктарын билдиришти. 


Бул тууралуу “Күндүн темасы” программасында кенен сөз болду. 


 Уктурууга «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Молдокматов Жеңиш, Миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, Россия президенти В.Путиндин колунан “Эрдик” медалын алган Марат Исаев, Москва шаарындагы Эл аралык Ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Акбар Маразыков катышты.



Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз