Күндүн темасы

Күндүн темасы: Суудагы коопсуздукту камсыздоо image Фото: Урмат Кенжибеков

27 Июль, 2018 916

Кыргызстанда жыл башынан бери 80 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, алардын 58и жайкы туристтик сезон башталгандан бери катталган учурлар. Сууга чөккөндөрдүн 17си балдар. Ал ортодо көлмөлөрдө, пансионаттарда куткаруучулар менен суучулдардын жетишсиздиги жана пансонат жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. 

Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-июлда, өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.

Уктурууга ӨКМнин жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери башкармалыгынын башчысы милдетин аткаруучусу Рыспек Жолдошбаев жана ССМнин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Нурлан Галбаев катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз