Күндүн темасы

Күндүн темасы: Балдар үй-бүлөдө тарбияланышы керек image Фото: Элнура Нурдин кызы

3 Авг, 2018 1440

Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле үй-бүлө институтунун ролун көтөрүү максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Эксперттик жумушчу топ кайсыл маселелерге басым жасайт, бул тууралуу "Күндүн темасында" сөз болду. 

Уктурууга  КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору, Президенттин аппаратынын алдында балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун төргасынын орун басары Назгүл Турдубекова жана КР социалдык өнүгүү министрлигинин үй бүлөнү жана баланы коргоо департаментинин башкы адиси Назгуль Чолумова катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз