Күндүн темасы

Күндүн темасы: Мекендештер өлкөнү өнүктүрөт image

10 Авг, 2018 1174

Дүйнөнүн ар кайсы булуң бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга шымалана киришип, коррупцияны түп орду менен жок кылууга, артка тарткан шылуундардын тамырын кыйууга чечкиндүү кадам таштоого бел байлашты. Мындай кадамдарга барууга аларга бул жолу бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул маселени "Мекендештер форумунда" Президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге талкуулашты. "Күндүн темасында" ушул багытта сөз болду. 



Уктурууга КР ЖК депутаты Аида Касымалиева, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Шамшиев Улан жана Германиядан келген мекендешибиз Нурлан Мукаш катышты.



Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз