Күндүн темасы

Күндүн темасы: Шаардын көйгөйлөрүн жаңы мэр чече алабы? image Фото: Элнура Нурдин кызы

10 Авг, 2018 1337

Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. Шаар кеңешинин жыйынына  45 депутаттан 44 адам катышып, 43 депутат Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир депутат каршы добуш берген. Мэрди шайлаган депутаттар да бир топ сындарга туш болду. Бирок мүмкүнчүлүк берип иштетели, иштей албаса жоопкерчилик бизде да болот дегендер да болду. Жаңы мэр жана шаар мэриясы кайсы маселелерге көбүрөөк көңүл бөлөт? Бул тууралуу "Күндүн темасында" сөз болду. 

Уктурууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Музуралиев Канатбек Байсарыевич жана Жогорку Кеңештин, Бишкек шаар кенешинин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Абдрасаков Бейшен Токтобаевич катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз