Күндүн темасы

Күндүн темасы: Абактагыларды иш менен камсыздоо зарыл image Фото: Элнура Нурдин кызы

7 Сент, 2018 920

Кыргызстандын абактарында өндүрүштү жандандырып, жаза өтөп жаткандарды иш менен камсыз кылуу зарыл. ЖАМК мекемелеринде «Келечек» мамлекеттик ишканасынын  филиалдары жана  андан сырткары  жатак абактарда чакан өндүрүш участкалары иштеп жатат. Абактарда мөөнөтүн өтөгөндөрдү ири курулуштарга тартуу маселеси каралып, жакынкы күндөрдө чечилип калаары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16 000 ге жакын адам жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Анын ичинен 2 миңден ашык адам тергөө абагында (СИЗОдо) отурат. 

Уктурууга КР өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз