Дин жана маданият

Борбор Азияда христиан дининин таралышы. 1-уктуруу image

28 Окт, 2016 10445

Кээ бир түрк тилдүү  калктар жана тайпалар орто кылымдарда христиан динин тутунган. Мисалы кыргыз элинин ичиндеги найман уруусу. Наймандар 1007-жылы христиан дининин ичинде  несториан агымын кабыл алышкан. Борбордук Азияга  христиан дини Ирандан келген. Ал эми Иранда  сириялыктар бул динди тараткан. Даңазалуу хорезмдик окумуштуу Бирунинин  маалыматы боюнча азыркы  Түркменистандын Мары калаасында Иса пайгамбардын  сөөгү коюлгандан   кийин   200 жыл аралагында христиандар пайда болгон.

 Ал эми III–IV  кылымдарда эле  ушул шаардын конушунда христиандардын сыйынуучу жайы түптөлгөн –деп археологдор  баса белгилешет. V кылымдан баштап бул калаада  – митрополия түзүлүп жана  монастырлар салына баштаган. Христиан дини таасирин кеңейткен сайын, ар түрдүү  агымдары бири бири менен күрөшүп, атаандаштыгы күчөгөн. Ошондуктан айрым агымдар жеңип, башкаларды куугунтуктап, сүргүнгө айдаган. Бирок жеңилген агымда  христиан динин таратканга зор роль ойногон. Мисалы айта кетсек Батышта ариан менен  Чыгышта несториан  агымдары салымын кошту. V кылымда адегенде Эфес  жана Халкидон  жыйындарында Константинополь епархиясынан Сирия(несториан ) чиркөөсү  бөлүнүп кеткен. Несториандар   Иран  менен  Орто Азияга өз  агымын таратып, башка христиан агымдарын кысымга алышкан. Мелькит  православ чиркөөсү баш ийгенге мажбур болгон.

Тарыхыбызда тарсалар менен байланыштуу айрым  эстеликтер  жана жерлердин аталыштары сакталып калган. Мисалы катары  айта кетсек, Тарсакент калаасы - 13-кылымдын 2-жарымы –14-кылымдын 1-жарымына таандык кыштак. Аталган шаар «христиандардын   шаары  » дегенди түшүндүргөн. Калаа  тууралуу алгачкы маалыматтар Рашид ад-Диндин «Жами ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде эскерилет. Тарсакенттин орду Бишкектин түштүк-чыгышындагы Каражыгач айылына жакын жерде жайгашкан. Тарсакентте Жакынкы Чыгыштан, өзгөчө Сириядан качып  келген тарса-кечилдер жана несториан агымын  туткан жергиликтүү түрк уруулары жашаган. Алар отурукташкан калк арасында сириялык маданиятты, тилди, жазууну жана христиан  динин  таратышкан.

 “Манас “эпосунда  несториандар   “тарса” деп  айтылат. Жогоруда айтылган шаарга окшош Казакстандын Жети-Суунун Ала-Тоо аймагында найман калаасынын чалдыбары табылган. Самарканддын тегерегинде Вазкерд атындагы айыл менен монастырь түптөлгөн. Эне-Сайдагы кыргыз мамлекети Уйгур каганаты менен күрөшүп жаткан учурда Идеологиялык курал катары кыргыз ак-сөөктөрү пайдаланган. Анткени  уйгур каганатынын туткан манихей дининин өкүлдөрү  Эне-Сайлык  кыргыздардын  теңирчилик көз караштарын басмырлаган. Дал ушул себептен Эне-Сайлык айрым кыргыздардын бийлери христиан динин кабыл алган-деп окумуштуу Анара Табышалиева “Түркестандагы  дин” аттуу китебинде жазган. 8-9 кылымда Эне-Сайдын аскаларында кыргыздын  руникалык жазма менен  чегилген бир нече текче табылган. Ушул текчелерде несториан диний өкүлдөрүн сүрөттөрү да чегилген.  Несториан агымы эне-сайлык кыргыздар өлүктөрүн өрттөөсүнө чектеп, сөөктү жерге көмдүргөнгө көндүргөн. Ошол эле маалда христиан дини кыргыздардын маданиятына чоң таасир бере алган жок- деп баса белгилейт  Анара Табышалиева  өз эмгегинде. Ал эми   Кыргызстанда   Ат-Башы  чөлкөмүндө   Таш-Рабат монастыры салынган –деп айрым окумуштуулар божомолдойт. Алардын айтымында  Таш-Рабат сыяктуу.  Гобиден баштап Каспий деңизине чейин мындай имарат жок. Бул илимпоздор пикирин төмөнкүчө далидешет.

“Таш –Рабаттын   тоонун түпкүрүндө жайгашканы таңгалдырат. Ошондуктан Таш Рабат кербен сарай дегенге ишениш кыйын. Себеби, Таш Рабат кербен жолдорунан алыс жайгашкан. Ошол эле маалда катаал табигый шарт. Эл аз жашаган өрөөндө көпөстөр үчүн кербен сарай катары салынганына ишенсе болот. Бирок биз бул божомолго ишенбейбиз. Биринчиден кербен сарай деп айталык десек ыңгайы жок. Кербен сарайлар орто кылымдарда  курчалган чеп катары салышчу. Таш-Рабаттын батыш жагы тоого жакын. Ал тараптан оңой  эле секирип кирсе болот. Демек аны душмандар жөн эле басып алышмак. 

Таш –Рабат душмандарга каршы салынган эмес деп так кесе айтсак болот. Анда кайсы максатка курулган деген суроо жаралат. Таң калыштуу имараттын  ичин изилдеп көргөндө, жооп өзү келет. Таш-Рабаттын ичиндеги таштар чебердик менен коюлган.Таштарды  усталар   бири -бирине тыкандап  атайын койгондой көрүнөт. Жаа түрүндөгү өтмөк бизди чоң бөлмөгө ээрчитип киргендей.Таш-Рабаттын төбөсүндө оймо-чиймелерди байкоого болот. Кербен сарайдын жасалгасына окшошпойт.Ушул чоң бөлмөнүн  ортосунда турганда христиан чиркөөсүндө түргандай болосуң.Төрт жактан  жарык кирет, терезелердин орду деп боолголойбуз. Дубалдарда байыркы сүрөттөрдүн издерин  көрүүгө болот. Ушул жүйөлүү далидерден кийин Таш-Рабат христиан чиркөөсү болгонуна ишенесиң. Ал эми жер астындагы бөлмөлөрдү  кыдыргандан кийин, кечилдердин бөлмөлөрүнө абдан окшош экенине таң  каласың. Жогоруда айтылган белгилер боюнча орто кылымдарда Таш-Рабат монастырь  экенине көзүбүз  жетти- деп окумуштуулар далилдешет”.

VII кылымга, тийиштүү Токмок  шаарынын жанында жайгашкан Ак-Бешим чалдыбарында  несториан буюмдары табылган. Жогоруда  сөз болгон чалдыбардын ордунда түрк кагандарынын ордосу Суяб болгон. Венгр окумуштуусу, түрколог Шофмай Кара Давиддин окуган христиан кыпчактардын дуасына көңулүздөрдү бурабыз.

Ардактуу угармандар сиздер “Биринчи Радионун”  толкукунунда “Дин жана маданият” уктуруусуна ортоктош болдуңуздар. Бүгункү берүүбүздө, Борборбордук Азияга християн дининин кантип келгендиги тууралуу уктуңуздар. Кийинки берүүбүздө да аталган диндин келиши жана таралышы тууралуу улантабыз.

Программаны даярдаган,  Алмаз Батилов 

Алып барган: Бакыт  Абасбеков            Биринчи радио



 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз