Балдар эмгегинин күнгөй-тескейи   11 Июль, 2019 301

 Бишкек шаарында балдар эмгегине каршы «Өспүрүм-эмгек» рейддери өтүүдө. Бул жашы жете эле өспүрүмдөрдү оор жумуштарга тартууга каршы иш чара болуп эсептелет. Учурда балдардын саламаттыгына тескери таасир тийгизген жана зыяндуу кара жумушка балдарды тартууга тыюу салынган. Ошол эле учурда балдарды кичинесинен эмгекке тарбиялоо керек деген пикирлер да бар. Ал кандай ишке ашышы керек, балдарды таптакыр ишке тартпай коюу алардын тарбиясына таасирин тийгизеби?

Уктурууга Балдар маселелери боюнча эксперт Таалай Жакыпов, КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Бакыт Тодогелдиев жана КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер бөлүмүнүн башкы инспектору Асель Карымбаева катышууда.