Адабий дүйнө

11 , Июль, 5:05 886

Мугалимдик кесипти да аркалаган Айтматов

image

Ч.Айтматовдун көзү тирүү кезинде жыл сайын республика боюнча "Мугалим - ардактуу инсан" аттуу сынак “Сильва” борбору  тарабынан жарыяланып турган. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Чыңгыз атабыз өз колу менен сыйлыктарды тапшырып, жаш мугалимдерди шыктандырып келген. 

Мугалимдер менен жолугушуу учурунда Айтматов: "Мугалимди абдан сыйлуу, сыймыктуу, билимдүү адам катары билебиз. Азыр да ошол сыяктуу болуш керек. Бирок көп нерсе өзгөрүп кетти - деп  айтканы бар. Мугалимди биринчилерден болуп Ч.Айтматов өз чыгармасында даңазалаган. 

Бул чыгарма боюнча ”Биринчи мугалим” кинотасмасы тартылганы да жалпыңыздарга маалым. Жазуучу  жаш кезинде Талас облусунун Кара –Буура районундагы Аманбаев айылындагы орто мектепте мугалим болуп балдарды окутканы жалпыңыздарга маалым болбосо керек. 

Адамзаттын мугалими Айтматов тууралуу “Сильва” билим борборунун негиздөөчүсү Апилмажун Темиралиев бизге  кызыктуу маек куруп берди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз